Биз менен байланышыңыз

Парламент курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамды талкууга алат

Кыска кабар , Саясат | 7 Мар 2019 | 637 | 0

Бүгүн Парламент “Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун карашат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында айтылгандай, мыйзам долбоорунда “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизүү каралган.

Мындан сырткары бүгүн Жазык-аткаруу кодексине, Жазык кодексине жана Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сыяктуу бир катар маселелер депутаттардын талкуусуна коюлмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM