Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Өкмөт дыйкандардын азыгын сатууну өз мойнуна алышы керек

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 620 | 0

Депутат Акылбек Жапаров дыйкандардын өндүргөн продукцияларын сатуу жана сактоо маселесин Өкмөт дыйкандардын өздөрүнө калтырып келе жатабыз деген жообун сынга алды. Бул тууралуу депутат бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеӊеш жыйынында Өкмөттүн 2019-жылдын жазгы-талаачылык жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматы угулуп жатканда айтты.

Депутат айыл чарба продукцияларын сатууну жана сактоону Өкмөт качан өз мойнуна аларын сурап кайрылды.

Ошону менен катар Жапаров быйыл этти Орусияга чыгаруу маселеси чечилгени менен өлкөдө эт комбинаты жоктугун белгилеп, быйыл эки эт комбинатын курууну сунуш кылды.

Жыйында жазгы-талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктар боюнча КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баштаган тиешелүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери жооп беришүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM