Биз менен байланышыңыз

Саясатташкан уруучулук

Саясат | 5 Мар 2019 | 1678 | 0

Эки күн мурун Бишкекте “Ай Тамга Солто” коомунун 4-курултайы өткөн. Жыйын Чүй облусунун Солто уруусунан чыккан аттуу-баштуу адамдардын катышуусунда уланган. Ал ортодо курултайда Солто уруусун экиге бөлүп жатасыңар деп чуу чыкканы да белгилүү болду. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда жарыяланды. Мындан улам кыргыздар уруу-уруу болуп бөлүнуп жатат деген сындар айтыла баштады. 

Курултайга чогулгандар “Ай Тамга Солто” коомунун аткарган иштерин талкуулашкан. Ошону менен бирге коомдун тең төрагалыгына Чүй облусунун мурунку башчысы Бакыт Кудайбергенов жана «Манас» аэропортунун мурунку директору Эмил Чукуев шайланганы жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган.

Уруучул жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Канатбек Исаев, Руслан Казакбаев, Динара Исаева, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов жана Темир Сариев, жана экс-спикер Алтай Бөрүбаев катышкан. Андан тышкары коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери жана ишкерлер дагы болгон.

Ал арада бул маалыматты уккан Солто коомунун жаштары курултай өтүп жаткан жайга барышып, чиновниктерге нааразычылык билдиришкен. Алардын негизги себеби бир уруунун ичинен эки коомдук уюмдун түзүлгөндүгү болгон.

Бул көрүнүш коомчулуктун дагы сынына кабылып, кыргыздар уруу-уруу болуп бөлүнуп жатат деген сөздөр айтыла баштады. Бирок жогорудагы сөздөрдү курултайга катышкан мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов четке какты.

-Уруу-урууга бөлүү аракетти көргөн да, уккан да жокмун. Солтону экиге эч ким бөлгөн жок. Беш кол тең эмес, ар ким ар кандай ойлойт.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов уруу арасында ынтымак болгону жакшы экенин айтты. Бирок уруучулукту саясий процесстерге аралаштыруу стратегиялык чоң ката болуп эсептелерин белгиледи.

-Уруучулук карым-катнашты саясатка аралаштыруу ынтымагыбызга шек келтирет. Албетте, ынтымак башка, бирок аны саясатка аралаштыруу — башка нерсе. Ошондуктан Солто уруусу деп ал жерден чоң саясий упай топтойбуз деген туура эмес. Мен муну феодализмге кайтуу деп түшүнөм.  

Акыркы мезгилдерде уруучул жыйындар көбөйө баштаганын тарыхчы Кыяс Молдокасымов да байкаган.

Анын айтымында, мурун уруучул чогулуштардын оң жактары көп болчу. Азыр болсо саясатка аралаштырып, аягы жакшы көрүнүштөр менен бүтпөй келет.

-Уруулук түзүлүш кыргыздарды сактап келген десек болот. Элди ынтымакка, намыскөйлүккө чакырууга пайдаланчу. Бул жагынан алганда тарыхта оң жактары көп. Ал эми Солто уруусунун жыйынын окуп калдым. Анда бир топ кыргыздын аттуу-баштуу жигиттери жүрөт. Мындай чогулуштардын аягы чатак менен бүтөт.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова уруучулук жыйынга кыргыздын саясий элиталарынын катышуусу элди бөлүп жарууга алып бара турганын айтты.

-Курултайга катышкандар «биз бөлүнбөйбүз» деп айтып жатат. Бирок аң-сезим менен караганда элди бөлүүгө эле алып барууда. Албетте, биз жети атабызды, уруубузду билүүбүз керек. Аны иш жүзүндө көрсөтүүнүн кереги жок. Курултайды өткөрүү менен жаштарга кандай үлгү көрсөтүп жатабыз?

Эске сала кетсек, “Ай Тамга Солто” коому 2007-жылдан бери иш алып барат. Коомдун төрагасы эки жылда бир жолу шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM