Биз менен байланышыңыз

20 күндө 19 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 889 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Ыманалы Саркулов маалымат берип, «Коопсуз шаар» долбоорун киргизгенден тарта 12-февралынан 3-мартка чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 19 миң жол эрежесин бузуу катталганын айтты.

Ошондой эле «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга жана Бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр 4-марттан тартып күчүнө кирди. Ага ылайык, жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аппараттык-программалык комплекстер аркылуу аныкталган эреже бузуулар үчүн жеке жана юридикалык жактарга айыппулдар теңештирилди.

Ошондой эле айыппулду 15 күн ичинде төлөгөн айдоочуларга айыппулду 50% жеңилдик менен төлөө укугун берүү каралган.

Буга байланыштуу бузуулар тууралуу билдирмелер эреже бузгандыгы катталган айдоочуларга 4-марттан тартып жөнөтүлө баштайт.

Мындан тышкары Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте кыймыл жыш кесилиштерде экинчи катардан бурулууга уруксат берген белгилер орнотулду, светофорлордун кошумча бөлүктөрү коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM