Биз менен байланышыңыз

Жыйынтыгы белгисиз «Белизгейт»

Саясат | 4 Мар 2019 | 986 | 0

«Ата Мекен» фракциясы күч түзүмдөр УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди коргоп жатканын билдирди. Буга негиз катары «Белизгейт» документиндеги жашыруун грифтин алынбай жатканын белгиледи. Ал эми Башкы Прокуратура аталган маселе боюнча дагы деле иш жүрүп жатканын билдирип, жыйынтыгы чыкканда кабардар кыла турагын айтты. 

Бүгүнкү күнгө чейин УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев тууралуу тиешелүү органдардан жооп келе элек. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев билдирди.

Анын айтымында, «Белизгейт» чыры боюнча Сегизбаев күнөөлүү же күнөөсү жок деп так жооп айтыла элек. Аны күч түзүмдөрү коргоп жаткандай.

-«Белизгейт» ушул күнгө чейин купуя документ болуп турат. Фракцияга жооп берет деп күтүп жатат. Эгерде жооп келбесе, «карга карганын көзүн чукубайт» деп кабыл алабыз. «Белизгейт» эч кандай жашыруун документ эмес экени парламентте айтылып, элдин баары билди. Буга карабастан УКМКда жашыруун документ болуп сакталып турат.

Буга чейин «Ата Мекен» фракциясы «Белизгейт» документи жасалма экенин айтып, УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевди жоопко тартууну талап кылышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет болсо “Белизгейт» документтиндеги «жашыруун» грифти алып салуу боюнча комиссия түзгөн. Комиссиянын ишинин жыйынтыгын сурап аталган мекемеге кайрылганда кат түрүндө суроону жиберүүнү айтышты. Бирок эч кандай жооп болгон жок.

Ал эми Башкы Прокуратура «Белизгейт» чыры боюнча дагы деле териштирүү иши уланып жатканын басма сөз кызматынан Жаркынай Азиева билдирди.

-Дагы деле иш жүрүп жатат. Азыр эч кандай маалымат бере албайбыз. Эгерде жыйынтыгы чыкса, анда сөзсүз кошумча маалымат берилет.

Укук коргоочу Рита Карасартова парламентте күчтүү оппозиция болгондо, бул маселе аягына чыгып, жыйынтыгы чыкмак деди.

-Парламент бир эле маселени көтөрүп эле койбостон, дайыма анын жыйынтыгын сурасап иштесе жакшы болмок. «Белизгейт» абдан чоң маселе. Бул жөн эле Абдил Сегизбаевдин тегерегиндеги маселе эмес. Жалпы УКМК кандай иштер менен алек болот жана бийлик ортосундагы тең салмактуулукту ордуна алып келеби деген чоң маселе турат. Анын ичинде күч түзүмдөрдүн үстүндө парламенттик көзөмөл деген демилге бар.

Сегизбаев боюнча күч түзүмдөрүнүн позициясы ачыкталбай жатканы түшүнүксүз экенин УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Марат Иманкулов айтты.

Анын айтымында, «Белизгейт» чырын аягына чыгаруу керек. Себеби эл күтүп жатат.

-Алмазбек Атамбаевдин убагында дайындалган Сегизбаев окшогон кадрлар дагы деле иштеп жатышат. Мүмкүн алар азыркы президенттин ишин аткарбай, Сегизбаевди калкалап жаткандып. Муну жокко чыгара албаймын. Себеби алар президентке башканы айтып, өздөрү башка жумуш кылып жатышы ыктымал. Бул нерсени аягына чыгаруу керек. Анткени муну коомчулук кызыгуу менен жыйынтыгын күтүп жатат. Эл көрүп деле жатат. Коомчулукту бир-эки күн алдаса болот. Бирок беш жыл алдай албайт да. Ошондуктан коомчулук менен эсептешиши керек.

Мурдагы вице-премьер министр Абдырахман Маматалиев азыркы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Абдил Сегизбаевди коргоп алчудай аны менен эч кимиси тыгыз байланышта болгон эмес дейт. Ошондуктан фракция гана эмес парламент дагы расмий кайрылууларды жасоосу зарыл деген ойдо.

-Мамлекеттик жашыруун документтерге жетүүгө укукугу бар депутаттар бар. Ошолор менен бирге «Белизгейтти» карап чыкса болот. Андан соң расмий чечимдерди кабыл алып, тиешелүү органдарга тапшырма берүү керек. Ошондо тапшырманы аткарбаса айтып чыксак болот. Азырынча бир эле фракция тарабынан саясий кайрылуу эле болуп жатат.

Коомчулукта чуулгандуу иш катары «Белизгейт» жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM