Биз менен байланышыңыз

«Кыргызмунайгаз» сатылабы? Мекеменин жообу

Кыска кабар | 3 Мар 2019 | 1090 | 0

2018-жылдын декабрында жумушчулар менен жетекчилердин кезектеги жолугушуусунда жумушчулар тараптан “Газпромду” инвестор катары тартууга көмөк көрсөтүү үчүн Президентик аппаратка, Жогорку Кеңешке, Өкмөттүк аппаратка кат жүзүндө кайрылуу  демилгеси көтөрүлгөнүн “Кыргызмунайгаз” ишканасынын төрөгасынын кеңешчиси Өмүралы Анарбаев  «Маралга» билдирди.

Ошонун негизинде кайрылуу жазылып, жалпы эмгек жамаат колдоп, кол коюлуп  2018-жылдын 14-декабрында расмий түрдө кат жөнөткөнбүз. Бул кайрылуу биздин эмгек жамааттын өз эрки менен инвестиция тартууга болгон түз оюн айгенелейт”, -дейт Анарбаев.

Ошондой эле Анарбаев Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев айткан маалымат чындыка дал келбестигин айтып, башкармалык тараптан эч кандай акцияларды сатуу боюнча  коркутуу, үркүтүү болбогонун баса белгиледи.

Мындан сырткары “Кыргызмунайгаз” ишканасы Ноокен районунун 75%, ал эми Жалал-Абад облусунун 30% бюджетин камсыз кыла турганын “Кыргызмунайгаз” ишканасынын профсоюз уюмунун төрагасы Акынбек Раимкулов кошумчалады.

«Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында 70 миң тоннадан чыккан эмес, быйылкы жылы 126 миң тонна мунай өндүрүүгө жетиштик. Мамлекетке 919 млн сом ар кандай салык төлөмдөрүн төлөдүк. “Кыргызмунайгаз” Кочкор-Ата шаарындагы жана Ноокен районунун 2500дөн ашык тургундарын жумуш менен камсыздайт. Улукбек Кыдырбаевдин “Кыргызмунайгаздын” мамлекетке пайдасы тейбейт деген сөзү чындыка дал келбейт”,-деди “Кыргызмунайгаз” ишканасынын профсоюз уюмунун төрагасы Акынбек Раимкулов.

Эске салсак, Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган иш сапарында «Кыргызмунайгаз» ишканасын сатуу маселеси каралышы мүмкүн деген кептер тараган болчу.

Путиндин сапарында «Кыргызмунайгазды» сатуу каралабы?

Copyright © 2017 Maral FM