Биз менен байланышыңыз

Футбол стадионун куруучу инвесторлор менен жолугушуу өттү

Кыска кабар , Спорт | 2 Мар 2019 | 512 | 0

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги 1-мартта Бишкекте футбол стадионун курууга кызыктарлыгын билдирген инвесторлор менен жолугушуу өткөрдү.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда инвесторлор менен мамлекет ортосундагы келишимдин шарттары, тагыраагы салыктык, бажы төлөмдөрү, ошондой эле жер участогун бөлүп берүү жана агенттиктин мындан аркы аракети талкууланды.

Мындан тышкары, көп функционалдуу футбол аянтчасын куруу боюнча эки долбоор презентацияланды. Буга чейин эки кыргызстандык жаран өзүнүн долбоорун сунуштаган.

Эске салсак, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги көп функционалдуу футбол стадионунун курулушу үчүн инвесторлорду издеп, курулушка кызыккан инвесторлордун билдирүүлөрүн 25-февралга чейин кабыл алган.

Жаңы стадионунун долбоору түзүлдү (сүрөт)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM