Биз менен байланышыңыз

Жаш уландарга кезектеги аскердик чакыруу башталат

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 638 | 0

Өлкөдө аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу башталат. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтардын белгиленген мөөнөттөрүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2019-жылдын март–майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтардын белгиленген мөөнөттөрүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулат. Ал эми чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган жаш  уландар 2019-жылдын март–майында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылат.

Өкмөтү мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын, альтернативдик кызматтын кызматчыларын бошотуу мөөнөттөрүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарды өтөөгө чакыруу тартибин аныктамакчы.

Copyright © 2017 Maral FM