Биз менен байланышыңыз

Ким Чен Ын Трамп менен жолугуу үчүн Ханойго келди

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 659 | 0

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трамп менен экинчи ирет өткөрүлчү саммит үчүн Вьетнамга келди. Бул тууралуу Рёнхап маалымат агенттиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын Лонг-Сон провинциясына чейин поезд менен келип, андан ары унаа аркылуу кортеждин коштоосунда Ханойго сапар тарткан.

Буга чейин АВС каналы Америка президенти Дональд Трамптын да Ханойго учканын билдирген.

Кошумчаласак, сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы кайрадан коопсуздук болмокчу. Өзгөчө соңку жылдары эки мамлекеттин пикир келишпестиктерин жараткан Түндүк Кореянын өзөктүк-ракеталык саясаты боюнча бир чечим кабыл алынбай келет. Түндүк Корея лидери алдыдагы сүйлөшүүлөр эки тараптын кагылышууларын соңуна чыгарат деп убадалоодо. Вашингтон да оң натыйжалар күтүлөрүн айтууда.

Copyright © 2017 Maral FM