Биз менен байланышыңыз

Алып баруучусуз тапшырылган «Оскар» сыйлыгы

Дүйнө | 25 Фев 2019 | 850 | 0

Оскар” киносыйлыгын тапшыруу аземи кечээ, 24-февралда Лос-Анжелес шаарында өттү.  91-жолу өткөрүлүп жаткан сыйлоо аземин британдык “Квин” рок-тобунун ырлары менен ачышты. Сыйлык алууда рекорд жараткандар: грек режиссёру Йоргос Ламинтостун “Фаворитка” (The Favourite) жана мексикалык Альфонсо Куаронун “Рома” (Roma) фильмдери болду.

Эки кино тең ондон ашык наамга татыган. Кийинки орунду Брэдли Купердин “Жылдыз төрөлдү” (A Star is Born) жана Адама Маккеянын “Бийлик” (Vice) мелодраммалары алды. Ал эми Райан Куглердин “Кара кабылан” (Black Panther) фантастикалык боевиги 7 наамга ээ болду.

Быйылкы салтанаттын өзгөчөлүгү алып баруучунун жоктугунда. 2018-жылдын декабрь айында белгилүү себептер менен америкалык комедия актёру Кевин Харт бул кызматты аркалоодон баш тарткан. Мындай көрүнүш 1989-жылында да болгон. А 1958-жылы бир убакытта төрт алып баруучу чогуу алып барышкан.

The Wall Street Journal гезитинин байкоосуна ылайык, азем учурунда 37 мүнөт жарнамалык тыныгууларга жана кыска фрагменттик маалыматтарга кетээри аныкталган. Дагы 30 мүнөт чыгып сүйлөөгө, 25 мүнөттөн ашык убакыт лауреат ээлеринин сахнага келип-кетүүсүнө кетет. Кинолордон кыска үзүндү берүү 14 мүнөттү алса, сыйлык ээлерин атоодогу конвертти ачууга 4 мүнөттөн ашык убакытты сарпташат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM