Биз менен байланышыңыз

Оскар-2019 сыйлыгынын талапкерлери жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 627 | 0

Дүйнөдөгү кино тармагындагы эң престиждүү сыйлыктардын бири «Оскардын» быйылкы номинанттары жарыяланды. Аны америкалык киноискусство академиясынын жамааты сунуштады. Сыйлыктын ээлерин аныктоого жыл сайын башка курам добуш бергени үчүн, ар жылы ар түрдүү критерийлер менен тандалышат.

Сыйлыкка талапкерлер төмөндө:

«Жылды мыкты фильми» номинациясына ат салышкандардын арасында «Кара кабылан» кинокомикси, өткөн кылымдын эң атактуу музыкалык тобу  тууралуу тартылган «Богем рапсодиясы»фильми жана «Фаврит», «Рома» фильмдери бар.

Ал эми «Эң мыкты эркек ролу» үчүн «Рапсодиядан» Реми Малек, «Бийлик» фильминде ойногон Кристиан Бейл жана «Жылдыз төрөлдү» фильминде ойногон Брэдли Купер сыяктуу актерлор сунушталды.

«Мыкты аялдын ролу» номинациясына болсо «Жылдыз төрөлдү» фильминде башкы ролду ойногон Леди Гага, «Рома» фильминде ойногон Ялица Апарисио жана «Фаворит» фильминде башкы ролду жараткан Оливиа Колман ж.б. сунушталууда.

Мындан сырткары экинчи пландагы актерлор, мыкты режиссура жана чет элдик мыкты фильм номинациялары да каралууда. Чет элдик фильмдердин катарында Ливан, Германия жана Япониянын киностудияларынын чыгармалары бар.

Эске салсак, «Оскар» сыйлыгы 1929-жылы Американын киноискусствосу жана илими академиясы тарабынан түптөлүп, бул жааттагы эң мыкты эмгектерге берилип келет. Башында «Академиянын сыйлыгы» деп аталса, 1940-жылдардан тарта «Оскар деп аталып калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM