Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Иш козголгон соттун аты ачык айтылышы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2019 | 900 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде УКМК кылмыш иши козгологон судьялардын аты-жөнүн ачык айтышы керектигин билдирди.

«Эгерде журналисттер сураса УКМК кылмыш иши козголгон судьялардын аты-жөнүн айтат. Мен ал судьялардын ким экенин билем, бирок айта албайм. Расмий орган өзү маалымат бериши зарыл. Соттордун жоопкерчилигин күчөтүүнү колдойм. Туура эмес чыгарган чечимдер үчүн сотторго биринчи жолу кылмыш иши козголуп жатат. Бул судьялар режимдин, системанын курмандыгы болуп калды. Мындан ары мындай курмандык болбошу керек. Алар Ак үйдүн тапшырмасын аткарган. Сотторду аяп жатам, алар дагы адам. Бирок жоопкерчиликке тартылат», — дейт Шыкмаматов.

Анын айтымында, судьяларга кылмыш иш козголуусу менен соттук реформа — эки башка нерсе. Тагыраагы, сот реформасы судьяларды алмаштыруу эмес. Учурда сотторго козголгон кылмыш иши башкаларга кулак кагыш болот.

«Учкун» ачык акционердик коомунун артындагы 12 кабат үйдү соттун чечими менен инвестордон тартып алып, «хулигандардын» колуна карматкан. Ошондо соттор инвесторду чакырбай туруп чечим чыгарышкан. Бул боюнча «сайрап» келгенбиз. 15 млн доллардык үйдү тартып алгандар — И.Илмиянов, А.Сегизбаев, И.Жолдубаева. Сегизбаевдин ошол көп кабаттуу үйдө батири да бар эле. Алар Максим Бакиевдин да дүкөнүн тартып алган. Ага эч ким кулак төшөбөйт. Эми кылмыш иши козголгон судьялар Жолдубаевага, Арабаевге көрсөтмө беришет», — дейт Шыкмаматов.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-февралында Жогорку Соттун жана Бишкек шаардык сотунун судьяларына карата кылмыш иши козголгон.

Жогорку Соттун жана Бишкек шаардык сотунун судьяларына кылмыш иши козголду

Copyright © 2017 Maral FM