Биз менен байланышыңыз

Жогорку Соттун жана Бишкек шаардык сотунун судьяларына кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 877 | 0

Жогорку Соттун жана Бишкек шаардык сотунун судьяларына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Текшерүүнүн жыйынтыгында чет элдик инвесторлордун жерин жана кыймылсыз мүлк объектилерин рейдерлик жол менен  басып алууга тиешеси бар айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыктарына карата сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруулары аныкталган.

айрым кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштери үчүн, сот кызматкерлери атайлап мыйзамсыз чечимдерди чыгаруу жолу менен мыйзамдуу деп таанылган чет өлкөлүк инвесторлордун ишкерлик иш-аракеттинин объектерин жана мыйзамыз мүлктү ээлеп алууда тиешеси бар фактылар аныкталды.

2019-жылдын 8-февралында Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун иштеп жаткан 3 сотуна карата жана Жогорку Соттун мурунку 1 сотуна Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын ноябрында кылмыш белгилеринин жогоруда көрсөтүлгөн фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясында коррупция беренеси боюнча Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасына карата кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM