Биз менен байланышыңыз

Бакиевдердин ишине юридикалык баа берилет

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 393 | 0

Массалык маалымат каражаттарында мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары Кыргызстанга келиши мүмкүн деген маалымат тараган. Бул боюнча Башкы прокуратура билдирүү таратты.

Анда мурда козголгон кылмыш иштеринин алкагында оор кылмыштар, анын ичинде 2010-жылы 7-апрелдеги окуялардагы адам өлтүрүү, коррупция жана мүлктү басып алуу фактылары боюнча Бакиевдерге карата сот өкүмдөрү чыкканы айтылат. Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматкери Жаркынай Азиева «Маралга» буларды билдирди:

Эгер Бакиевдер, анын ичинде бир туугандар Адилбек, Марат, Каныбек жана башкалар Кыргызстандын аймагына келсе же алардын азыр жүргөн жерлери аныкталса, жазасын тартууга мажбурланат. Учурда Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн башка фактылар боюнча коррупциялык ишмердүүлүгү териштирилүүдө. Анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

Эске салсак, Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарды. 2010-жылдагы көтөрүлүштө үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларусиядан башпаанек алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM