Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда чек ара тозоту ачылды

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 476 | 0

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Өтүкчү айылындагы чек ара тозотунун жаңы имаратынын ачылышы менен таанышты.

Чек ара заставасы Орусия тарабынан ЕЭБдин талаптарына ылайык курулган. Ал Кадамжай районунун Өтүкчү айылына жакын Өзбек республикасынын  Сох анклавы менен болгон 32 чакырым аралыктагы мамлекеттик чек араны кайтарат. Анын ичинен 12 чакырым суу менен өтүп, калган 20 чакырымын тоолуу аймактар түзөт.

Жээнбеков мындан тышкары, Ош-Баткен-Исфана авто жолун реконструкциялоо иши менен таанышты.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов маалымдагандай, азыркы этапта 59 миң 559 метр куб көлөмүндө жер иштери аяктады.

Ошондой эле 64 суу өткөрүү түтүктөрүнүн курулушу жана жаңы көпүрөнүн 85% курулушу аяктап, 5,3 чакырымына асфальт-бетон төшөлдү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM