Биз менен байланышыңыз

Эл каттоо сынамык түрдө 25-мартта башталат

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 725 | 0

Эл жана турак жай фондун сынамык түрдө каттоо үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өтөт. Бул тууралуу биринчи вице премьер-министр Кубатбек Боронов каттоо боюнча Республикалык комиссиянын жыйынында билдирди.

Каттоо Чүй районунун жана Токмок шаарынын аймагында өтөт. Ага даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Республикалык комиссия түзүлгөн.

«2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо бул жөн эле статистика эмес, бул өтө маанилүү мамлекеттик деңгээлиндеги чоң иш-чара. Каттоону ийгиликтүү өткөрүү максатында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча  иш-чараларды ишке ашыруу Календарлык планы иштелип чыккан. Ага 35 иш-чара киргизилип, алардын ичинен 10у аткарылган. Өлкөнүн бардык аймактарында административдик-аймактык чек аралар тактала элек. Жаңы көчөлөргө аталыш берүү, турак үйлөргө номерлерди берүү иштери аксап келе жатат», — деди Боронов.

Белгилей кетсек, Календарлык планды аткаруунун алкагында калктуу жерлердин жана көчөлөрдүн аталыштарын кайра атоого 2017-жылдын 1-сентябрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин мораторий жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM