Биз менен байланышыңыз

Жумаканов жасалма жумурткалар боюнча түшүндүрдү

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 450 | 0

Социалдык тармакка тоок жумурткалары жасалма жол менен жасалгандыгы, алар Кытайдан алып келингендиги тууралуу видеону Ош шаарынын тургуну жарыялаган. Ветеринардык фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов бул маалыматты четке кагып, түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, экспертизанын алдын ала жыйынтыгында Ош шаарындагы “Арча” базарынан алынган жасалма делген жумурткалар табигый экендиги аныкталды.

-Биз бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, Ош шаарындагы 17 соода түйүндөрү, кампалар текшерилди. Жумуртканын үлгүлөрү алынып, текшерилгенде жасалма жол менен жасалбагындыгы аныкталды. Социалдык тармакка видео тараткан Урматбек деген тургун жумуртканы Ош шаарындагы «Арча» чакан базарынан алган экен. Ал көрсөтүп жаткан жумуртка Ысык-Көл облусунда чыгарылган. Ал кадимки эле тооктун табигый жумурткасы. 

Калысбек Жумаканов кошумчалагандай, Кытайдан Кыргызстан тоок жумурткалары алып келинбейт. Алар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келет. 2018-жылы өлкөгө 24 млн жумуртка импорттолгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM