Биз менен байланышыңыз

Бишкектин дагы кайсы көчөлөрүнө камералар коюлат?

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 869 | 0

Бишкек шаарында «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 6-мартка чейин дагы 9 жол кесилишинде видео көзөмөлү орнотулат. Алар:

Бөкөнбаев — Манас көчөлөрүнүн кесилиши, Чүй проспектиси менен — Манас, Чүй — Павлов көчөсү, Жибек Жолу — Манас проспектилери, М.Ганди — Боталиев, Жибек Жолу — Курманжан Датка, Ахунбаев — Байтик Баатыр, Чүй — Абдрахманов жана Байтик Баатыр — Горький көчөлөрүнүн кесилиштери.

Мындан  тышкары, 8-апрелге чейин 11 жерге, 10-майга чейин 8 кесилишке камера орнотулат.

Кошумчалай кетсек, жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулун эки жумада төлөсө 50 пайызы кемитилет. Айыпты банк жана «Кыргыз почтасы» аркылуу төлөөгө болот.

Эске салсак, 12-февралдан тарта “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, айрым көчөлөрдүн кесилишинде жол тыгыны пайда болгону айтылган. Мындан улам бир топ көчөлөрдүн кесилишине кошумча жол чырактарды жана белгилерди орнотуу чечими кабыл алынганы кабарланды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов “Маралга” билдиргендей, Бишкектеги жол чырактарды автоматтык системага бириктирүү жана алардын убактысын өзгөртүү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM