Биз менен байланышыңыз

Көкпар-көк бөрү: талашка түшкөн тай казан

Кыска кабар , Спорт | 18 Фев 2019 | 1267 | 0

14-февралда Астанада Дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын жыйыны өтүп, анда 2019-жылы Өзбекстанда өтө турган Дүйнө биринчилигин тай казансыз өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле Дүйнө чемпиондугу муляж менен жана эки бөлүк, 20 мүнөттөн өтөт. Мындай чечимди жыйынга катышкан 9 өлкөнүн 8и колдоп, Орусия калыс добушун берген.

Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Венгрия, Кытай, Орусия жана Афганистан катышкан жыйында Кыргызстандын өкүлү болгон эмес.

Бул боюнча Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматовдун айтуусунда Өзбекситандын өкүлдөрү менен Ташкентте өтүүчү дүйнө биринчилиги көк бөрүнүн эл аралык эрежелери боюнча өткөрүлөт.

-Өзбекистандын расмий өкүлдөрү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан. Алар “Көк бөрү оюнун биздин өлкөдө да өткөрсөкпү”, -деген кызыгууларын билдирген. Биз аларга эгерде көк бөрүнүн кабыл алынган эл аралык эрежеси, тай казан менен өткөрсөңөр макулбуз деген жооп айтканбыз. Андан соң алар календардык планына киргизгенден соң бизге маалымат берген. Өзбекистандагы биринчилик тай казан менен өткөрүлө турганын өздөрү айткан. Эч ким аларды мажбурлаган эмес. Бул боюнча биз үчүнчү ирет Өзбекистанга барганда да сүйлөшкөнбүз. Ал жерде дагы бир жолу тай казан менен өткөрүү келишилген.

Ошондой эле Саматовдун Казакстандагы жыйында Көкпар ассоциациясына мүчө болгон өлкөлөргө жылына 50 миң доллар каржылоо убадаланганын кошумчалады.

-Такталбаган маалыматтар боюнча Казакстандагы жыйында ассоциацияга мүчө болгон өлкөлөргө жылына 50 миң доллардан каржылоону мойнуна алыптыр. Бул туурасында катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрү айтышты. Ошондой эле жыйында Өзбекистанда өтө турган дүйнө биринчилигин каржылоону да кокпар ассоциациясы убадалаптыр.

 Ал эми көк бөрү федерациясында иштеп кеткен Талас Бегалиев Казакстандагы жыйынга Кыргызстандын өкүлү да катышуусу керек эле.  Эми Өзбекситандагы Дүйнө биринчилиги кайсы эреже менен өтсө да, барып катышып мыкты оюн көргөзүш керек.

-Биздин Көк бөрү федерациясы “Өзбекистанга барып сүйлөшүп келдик”,- дегени такыр чындыка дал келбейт экен. Казакстанда өткөн жыйынга биздикилер эмнеге барган жок түшүнбөйм. Ал жерге барып талашыш керек болчу. Анан азыр Ташкентте өтчү Дүйнө биринчилиги тай казансыз өтсө катышпайбыз дегени туура эмес. Барбайбыз деп биз эчкимди коркута албайбыз. Менин оюмча кокпар болсо да, көк бөрү болсо да барып ойноп, жеңип келишибиз керек. Көк бөрүнү да өнүктүрүп, кокпардан да, көк бөрүдөн да чемпион болуубуз керек.

Ал эми саяпкер Кемил Ашралиевдин кыргыз көк бөрүчүлөрү тай бар болсо да, жок болсо да мыкты экени баарына белгилүү. Бул жерде дүйнөгө көк бөрү же көкпарды таанытуу маселеси турат. Ошондуктан өкмөт коомчулук баары биргеликте дүйнө элдерине көк бөрүнү таанытууга болгон аракетти жумшаш керек.

-Биздин жигиттер кокпарды да, ат үстүндө топ ойногонду да ойной алат. Бул биз үчүн кыйын эмес. Болгон биз өзүбүз көнгөн эрежеден баш тартып, аларга макул болчу болсок, бул намысыбызды бергенге тете. Андыктан биз өзүбүздүн көк бөрүнү дүйнөгө таанытууга болгон күчүбүздү жумшашыбыз зарыл. Керек болсо кино тасмаларды тартып, ар түрдүү жолдорун издеп, тышкы иштер министирлиги, дипломаттар, парламент коомчулук менен бирге аракеттерди жүргүзүүсү керек. Казактар эми акчасы көбүрөөк болгонун колдонууда.

Кошумчалай кетсек жакынкы жылдары Кыргызстанда көк бөрү боюнча Дүйнө жана Азия биринчилигин өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов маалымат жыйынында билдирген.

Анын айтымында, Улуттук спортту өнүктүрүү программасын даярдалып жатат. Ал программа кабыл алынганда, эмдиги жылы Дүйнө биринчилигин жана Азия чемпионатын Кыргызстанда өткөрүүнү сүйлөшүп, даярданып жатат. Бул турнирлер Ысык-Көлдө өтмөкчү.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM