Биз менен байланышыңыз

Экс-президенттин кол тийбестигин алуу жөнүндөгү мыйзам комитетте колдоо тапты

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 633 | 0

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселер боюнча комитети экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев «Марал» радиосуна билдирди.

Анын айтымында демилгени көпчүлүк эл өкүлдөрү колдоого алган.

Эске салсак, парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугун азайтып, аны депутаттыкы менен теңдештирүүнү караган мыйзамдык өзгөртүүлөрдү сунушташкан.

Copyright © 2017 Maral FM