Биз менен байланышыңыз

Жаңы мыйзам экс-президенттердин ишин чектейби?

Саясат | 17 мая 2019 | 896 | 0

16-майда президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык, экс-президент кол тийбестик статусунан ажырагандан кийин гана жоопко тартылат. Мыйзамда экс-президенттин кол тийбестигин алуу учурдагы мамлекет башчысыныкындай эле татаал жоболор менен ишке ашырылары айтылган. Ошондой эле, экс-президент кандайдыр бир саясий күрөшкө бара турган болсо, ага берилген артыкчылыктардан баш тартышы керек. Мындан улам, серепчилер жаңы мыйзамдын ишке ашышы экс-президенттердин ишин чектөөгө алышы мүмкүн дешүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков «КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери» жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Анда экс-президенттин кол тийбестигин алуу да каралган. Буга чейин эл өкүлү Исхак Масалиев президенттин кол тийбестигин толугу менен алып салууну сунуштап чыккан. Бирок бир канча өзгөртүүлөр киргизилип, азыркы редакцияда айырмачылыктар бар. Депутаттын айтымында, кабыл алынган редакцияда экс-президенттин кол тийбестигин алуу учурдагы президенттикиндей эле татаал жоболор менен ишке ашырылат.

— Мен сунуштаган долбоордо президенттин эч кандай кол тийбестиги болбосун дегем. Ал эми азыр кабыл алынган вариантта экс-президентти жоопко тартса болот, бирок депутаттардын 3/2 нин макулдугу менен. Кыскасы, учурдагы президент менен бирдей кылып салды. 2006-жылы Акаев качып кеткенден кийин экс-президенттин эч кандай кол тийбестиги болбосун деп алып салганбыз. Бирок жаңы редакцияда бул ченем калып кетиптир.

Мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда айрым серепчилер бул мыйзам экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө чектөө коюуга багытталгандай маанай калтырарын айтып чыгышкан. Анын үстүнө мыйзамга ылайык, экс-президент кандайдыр бир саясий күрөшкө бара турган болсо, ага берилген артыкчылыктардан баш тартышы керек болот. Бул ченемдин киргизилиши түздөн-түз эле экс-президент Алмазбек Атамбаевге багытталып жатканын юрист Нурбек Токтакунов айтат. «Бирок мындай чектөө адам укуктарына жатпайт, Конституциялык палатага кайрылса болот», — дейт.

— Мында киргизилген ченемдердин кошулушу А.Атамбаевге багытталып жатканы айкын эле көрүнүп турат. Мисалы, азыр мыйзамга ылайык, экс-президент саясий күрөшкө барса, саясий ишмердүүлүк кылса, кызмат ордуна келсе, анда артыкчылыктардан баш тартат деп жатат. Бирок бул адам укуктарына туура келбейт. Бир гана экс-президент эмес, ар бир жаран саясий ишмердүүлүк кылууга укугу бар. Бул мыйзам түз эле Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө чектөө коет. Бирок мен ага Конституциялык палатага кайрылсын деп кеңеш берет элем.

Жогоруда айтылган ченемдин камтылышы азыркы саясий кырдаалга жараша киргизилгенин юрист Канатбек Азиз да белгилеп, бул нормалдуу көрүнүш деп сыпаттайт. Бирок «бир кишиге гана багытталып жазылган» дегенге кошулбайт. Анткени, мыйзамда «Атамбаев жөнүндө эмес, экс-президент жөнүндө» деп турат.

— Убактылуу чара деп эсептесе болот. Анткени, азыркы учурда Атамбаев сыяктуулар саясатка кийлигишип жатат. Ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Мында эгерде саясий ишмердүүлүк жүргүзө турган болсоң, анда артыкчылыктардан баш тартасың деген сөз.

Саясатчы Ишенбай Кадырбеков: «Эгерде мыйзам Алмазбек Атамбаевге багытталганда, Исхак Масалиев сунуштаган вариант өтмөк», — дейт. Ал эми азыркы президент кол койгон редакцияда экс-президентти жоопко тартуу учурдагы президентти жоопко тартууда кандай жоболор каралса, ошондой эле каралган.

— Эгерде Атамбаевге каршы бул мыйзамды кабыл алса, анда Исхак Масалиевдин редакциясы менен Конституцияга жараша кол тийбестикти алып коюш керек эле. Абсолюттук кол тийбестик негизи жок да. Ошондуктан, президентке да чектөө киргизген. Эгерде кылмыш иши козголо турган болсо, бир процедурадан кийин аны жоопко тарса болот деп жазылган. Ал эми экс-президентке дагы учурдагы президентти жоопко тарткандай эле процедура каралган. Демек, экс-президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу учурдагы президентти жоопко тартуу кандай оор болсо, ошондой эле болуп калат.

Белгилей кетсек, мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM