12-февралда республиканын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн.Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Маалыматка ылайык, абанын температурасы
Чүй жана Талас облусунда 0…+5 градуска жетет.
Ысык-Көлдө -1…+4,
Нарын өрөөнүндө -7…-12 градус суук,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3…+8 градус жылуу болот.
Ал эми борбор калаа Бишкек шаарында кар жаап, абанын температурасы +3…+5 градус жылуу болот.