Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда спорт катары таанылган «Киберспорт» деген эмне?

Кыска кабар , Спорт | 8 Фев 2019 | 1538 | 0

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги «киберспорт» оюндарын спорт катары таануу чечимин чыгарган. Мындай буйрукка 2018-жылдын декабрь айында кол коюлган.

Киберспорт, компьютердик же электрондук спорт – бул видео оюндардын негизинде түзүлгөн жалгыз же тайпалык мелдеш. Бардык кибер оюндар модели, мейкиндиги жана өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө карап бир нече түргө бөлүнөт:

Стратегиялык, тактикалык, атуу, симулятор (авиа симулятор), мушташ жана башкалар.

Кибер оюндардын негизгилери катары Counter-Strike, Dota 2, League of Legends, FIFA, PUBG , World of Tanks жана башкалар бар.

Киберспорттун тарыхы  Doom 2 оюнунан башталып, 1997-жылы биринчи киберспорт лигасы пайда болгон.

Бүгүнкү күндө киберспорт дүйнө боюнча эң атактуу спорттун түрлөрүнүн катарында. Мисалы, The International 2015 финалын 4,6 миллиондон ашуун адам интернет аркылуу түз көргөн. Ал эми 2017-жылы бул аудитория жалпысынан 385 миллиондон ашкан.

Киберспорт мелдештеринин байге фонду бир нече миллион долларга чейин жетет. Алсак, Dota 2 боюнча The International уюму өткөргөн турнирдин байге фонду 2016-жылы 20,77 миллион, 2017-жылы 24,79 миллион долларды түзгөн.

Компютердик оюндар менен профессионалдык деңгээлде алектенген спортчулар бүгүнкү күндө эң бай спортчулардын катарында.

-Алардын сап башында германиялык 25-жаштагы Куро Салехи Тахасоми (KUROKY)

2018-жылдагы кирешеси: 4 097 928 доллар.

-Экинчиде 24-жаштагы Йохан Сундштайн (N0TAIL)

Даниялык киберспортчу 2018-жылы 3 733 970 киреше тапкан.

-3-орунда 21 жаштагы иорданиялык Амер Аль-Баркави (MIRACLE-)

Жылдык кирешеси 3, 671, 337 долларга жеткен.

-4-орунда болгариялык Иван Иванов (MIND_CONTROL) 3 438 411 доллар кирешеси бар.

-5-орунда финляндиялык Лассе Урпалайнен (MATUMBAMAN). Ал бир жылда 3 438 116 доллар тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM