Биз менен байланышыңыз

Салык декларациясын кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 622 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын кабыл ала баштады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы кабарлайт.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар 2018-жылы алынган кирешеси, жер тилке, мүлкү, экономикалык ишмердиктери тууралуу салык органдарына отчет берүүсү керек.

Юридикалык тактарга 1-мартка чейин деп бекилди.

Тактап айтканда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Өз маалында декларацияны тапшырбаган жеке тараптар 2 миң сом, ал эми юридикалык тараптар 5 миң сомдон айып төлөйт.

Салык кызматы толук маалыматты 194 номурунан билсе болорун маалымдоодо.

Copyright © 2017 Maral FM