Кыргызстанда 5 жашка чейинки 18 миңдей баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Мындай маалыматты Юнисеф балдар уюму таратты. Маалыматка ылайык, алардын көпчүлүгү узак аймактарда жашап, ата-энесинин документи жок жана кайдыгер мамилесинен улам күбөлүк албай калышкан. Бирок мындай маалыматты мамлекеттик каттоо кызматы расмий эмес деп сыпаттоодо.
Кыргызстанда 18 миңдей бала күбөлүгү жок жүрөт. Бул сандар 5 жашка чейинкилерге тиешелүү. Мындай статистиканы Юнисеф эсептеп чыккан. Ал эми БУУ Качкындар боюнча агенттигинин маалыматы боюнча 2015-2017-жылдары 2 миңдей баланын жарандыгы жок экендиги аныкталган. Алар дагы 18 миңдин ичине кирет. Адистердин айтымында бул тизмеге оор турмуштук кырдаалда, алыскы аймакта жашаган балдар, ошондой эле чек арага жакын аймакта жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары кирет. Бул туурасында БУУнун Качкындар боюнча агентигинин адиси Асель Шаршеева билдирди.
-Юнисеф 18 миңдей 5 жашка чейинки баланын туулгандыгы тууралуу кубөлүгү жок экенин аныктаган. Ал эми биздин 2015-17-жылдарга карата топтогон маалымат боюнча 2 миңдей баланын жарандыгы жок. Алар дагы ошол 18 миңдин ичине кирет. Биздин маалыматтарга ылайык, бул балдардын ата-энесинин документи жок же эски үлгүдөгү паспорту барлар жана чек арага жакын жашагандар кирет. Ошондой эле алыс аймакта болгондуктан мүмкүнчүлүгү жок болуп калгандар да бар.
Айрым адистердин пикиринде буга өлкөдөгү мамлекеттик каттоо кызматындагы убарагерчилик дагы себеп болушу ыктымал. Бирок мындай жүйөлөрдү мамлекеттик каттоо кызматынын адистери четке кагышат. Тескерисинче эгерде ата-эненин тиешелүү документтери болсо, балага күбөлүк алуу оңой жана эч кандай тоскоолдук жок. Бул боюнча мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин бөлүм башчысы Гүлжан Атанаева билдирди.
—Биринчиден 18 миң бала жөнүндө маалымат кайдан алынганы бизге белгисиз. Ал расмий эмес. Экинчиден эгерде ата-эненин тиешелүү документтери болсо балага оңой эле күбөлүк алса болот. Бул жерде көбүнесе ата-энелердин кайдыгер мамилеси. Документтерди даярдап, күбөлүк үчүн 89 сом 70 тыйынды банк аркылуу төлөп, бөлүмдөргө кайрылса балага күбөлүк берилет.
БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин маалыматы боюнча жарандыгы жок 2 миңдей балдардын көпчүлүгү түштүк аймакта, чек арага жакын жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов да кубаттайт. Анын айтымында эл менен болгон жолугушуулардын көпчүлүгүн түштүк аймакта ушул суроолор тынчсыздандырат.
—Айрыкча түштүктө Өзбекстандан келген келиндер көп. Ошолордун паспорту жок болуп, натыйжада балдары да өз убагында күбөлүк ала албай жатышат. Андан тышкары мамлекеттик каттоо кызматтарында кезек күтүү көйгөйү дагы деле бар. Элдин бул кызматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылгыла десең, ар кайсы шылтоону айтып, кыймылдашпайт.
Деген менен мамлекеттик каттоо кызматы депутаттын мындай оюн четке кагат. Мамкаттоонун өкүлү Гүлжан Атанаеванын айтымында электрондук системанын негизинде азыркы тапта балага 6-7 мүнөттө күбөлүк алууга мүмкүн.
—Өткөн 2018-жылы 13 миңдей бала туулгандыгы тууралуу күбөлүктү 1 жаштан өтүп алган. Балдардын күбөлүк албай калышы же кеч алышы көбүнесе ата-энелердин кайдыгерлиги жана тиешелүү документтеринин жоктугуна байланыштуу. Балдарга күбөлүк алууда эч кандай тоскоолдуктар жок.
Маалыматка ылайык, күбөлүгү жок балдар билим алуу, ден-соолугуна кам көрүү жана социалдык кам көрүү сыяктуу укуктардан оолак болушат.