Биз менен байланышыңыз

Украинанын президенттигине талапкерлердин саны 70тен ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2019 | 893 | 0

Украинанын президенттигине талапкерлигин коюу үчүн 70тен ашык жаран Борбордук шайлоо комиссиясына документ тапшырды. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашкан.

Алардын 22синин документи талапка жооп бербегени үчүн кабыл алынган эмес. Ал эми 28и талапкер катары таанылып, күбөлүк берилген.

Комиссиядан кабарлашкандай, документтерди кабыл алуу 3-февралда соңуна чыгат.

Талапкер катары катталып, күбөлүк алгандардын катарында шоумен Владимир Зеленский, «Батькивщина» жана «Жарандык позиция» партияларынын лидерлери Юлия Тимошенко жана Анатолий Гриценко да бар.

Украинанын БШКсы 20дан ашык жарандын документин карап жатат. Алардын катарында учурдагы президент Петр Порошенко да бар.

Кошумчалай кетсек, Украинадагы президенттик шайлоо 31-мартта өтөт. Бул жолкусунда президент болгусу келген жарандардын саны кескин өскөн. 2014-жылы 23, ал эми 2010-жылы каалоочулардын саны 18ге жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM