Бүгүн, 1-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.
Жыйындын жүрүшүндө санариптик долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода абалы, экономикалык өнүгүүнү камсыздоо чаралары жана башка маселелер талкууланат.
Мындан тышкары «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби» форумуна да катышмакчы.