Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда иштеген чет элдиктер текшерилип жатат

Коом | 31 Янв 2019 | 880 | 0

Миграция кызматы менен жарандык активисттер Кемин районунда жана Кант шаарында иштеген чет элдик жарандардын документтерин текшерди. Текшерүүдө бир мыйзам бузуу аныкталды. Кант шаарында тигүү цехин иштеткен вьетнамдык жарандын ишкердик жүргүзүүгө уруксат берген документи жок болуп чыкты.

Кыргызстанда көптөн бери кытайлар көбөйүп кеткени айтылууда. Ошол эле учурда 60 миң кыргыз кызы кытайларга турмушка чыкты деген сөздөр тарап, бул маалыматты өкмөт төгүндөгөн. Мындан улам элде күмөн ойлор болбоосу үчүн өкмөт жарандык активисттер менен чет өлкөлүк жарандардын документтерин, сырттан келген жумушчулардын уруксат кагаздарын текшерүүгө алып жатат.

Бул жолу Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы «Салют Компани» заводуна жана Кант шаарындагы тигүү цехине барышты.

Алгач жардыруучу заттарды иштеп чыккан «Салют Компани» заводуна барганда, анда иштеген кытайлар өлкөсүнө эс алууга кеткени белгилүү болду. Аталган ишкана декабрь айында суук түшкөндүгүнө байланыштуу мартка чейин ишин токтоткон. Бул тууралуу заводдун өкүлү Гулзар Бекарстанова билдирди.

Анын айтымында, ишканада 36 кытай, 22 жергиликтүү тургун иштейт.

-Бул завод 2018-жылы ачылган. Ошондо Кытайдан 56 жумушчу адам келген. Алар кыргыздардан да кызматкерлерди алып үйрөтүп баштады. Биздин жарандар жумушту өздөштүрө баштагандан кийин кытайлардын саны азайып 36 адам иштеп калды. Азыр баары Кытайга кеткен. Ал жакта өздөрүнүн жаңы жылын тосуп келишет экен. Учурда жумуш деле токтоп турат. Декабрь айында иш токтоп, мартта кайра жанданмакчы. Азыр ки кытай эле жүрөт.

«Салют Компани» заводдун эки кытай кызматкеринин документтери текшерилип, тиешелүү кагаздары бар экени белгилүү болду. Андан кийин Канттагы «Мило» тигүү цехинде болуп, вьетнамдык 41 жаран иштеп жатканына күбө болдук. Алардын документтери текшерилип, жетекчиси Чин Сон Линин иштөөгө уруксат алган кагазы жок болуп чыкты. Ал Москвадан бир күн мурун эле учуп келгенин айтты.

-Мен саякаттоо визасын өткөн жылы ноябрда алганмын. Ага чейин ишкердик жүргүзүүгө уруксат берген документин алып, анын убактысы бүтүп калды. Бул документти жаңылатууга эми киришейн деп жүргөнмүн. Азыр менин цехимде көбүнчө вьетнамдыктар иштейт. Кыргыздар күрмө тиге албайт экен. Ошого вьетнамдыктарды алып келип, иштетүүдөмүн.

Үстүбүздөгү жылы чет өлкө жарандарын жумушка алуу боюнча жаңы тартип кирген. Ошону менен бирге миграция мыйзамы да өзгөртүлгөн. Андан улам мыйзам бузган вьетнамдык жаранга кандай чара колдонууну миграция кызматынын өкүлдөрү чече албай, талаш-тартыш пайда болду. Анткени аларга чара көрүү үчүн акт түзө турган кагаздары да жок болуп чыкты.

Миграция кызматынын өкүлү Арслан Байсопуев цехтин жетекчисине карата түзүлгөн акты тиешелүү күч органдарына өткөрүлүп берилерин билдирди.

-Ишкананын ээсинин иштөөгө уруксат кагазынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу тийиштүү акты түзүлдү. Ал Кыргызстанга 30-январда кириптир. Мында иштеп жүргөнү мыйзамсыз. Ошондуктан акты түзүлдү. Мындан аркы тийшелүү чараны күч органдары көрөт.

«Кырк Чоро» коомдук кыймылынын төрагасы Замирбек Көчөрбаев чет элдик жарандардын документтерин текшерүү аракетине канааттанган жок. Ал ушул кезге чейин мыйзам бузган чет элдик жарандар катталбаганына таң калды.

-Эки жумадан бери текшерүү иштери болуп жатат. Биз барган жерлерде бир дагы мыйзам бузууларды көрө алган жокпуз. Текшерүүгө алган чет элдик жарандардын баарынын документтери бар экенине күбө болуп жатабыз. Азыр тигүү цехинин жумушчулары менен сүйлөшсөм, аларга документтериңерди ала келгиле деп айтканын билдиришти. Демек, мыйзамсыз жүргөн жумушчуларын ишке чыгарбай коюшту деген күмөн ойлор пайда болду.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 15-январында Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү «Жунда» заводунда иштеген кытайлардын документтери текшерилген.  Бүгүнкү күнү заводдо миңден ашык жумушчу бар. Ал жакта 303 Кытай Эл Республикасынын жарандары компания менен келишимдик негизде иш алып барып жатканы аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM