1-февралда көпчүлүк аймакта жаан, кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;
Нарында түнкүсүн -14…-19, күндүз -8…-13;
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз -1…+1.