Биз менен байланышыңыз

Баатырбеков: Атышкандардын арасында Самаевдин алысыраак тууганы бар экен

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 675 | 0

Мындай пикирин «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков «Марал» радиосуна билдирди. Анын айтымында, коомчулукта Самаев тууралуу жалган маалыматтар тарап жатат. Ошондуктан толук иликтөө жүрүшү керектигин айтты.

«Урмат Самаев тууралуу маалыматты интернеттен окудум. Дароо Самаевдин өзүнө телефон чалдым. Сүйлөшкөнбүз. Ал бул окуяга таптакыр тиешеси жок экенин айтты. Азыр журналисттер эле тийиштиги бар деп чыгарып жатышат«, — деди.

Ошондой эле видео аркылуу кайрылуу жасаган бала качып жүргөнүн төмөнкүчө айтты.

«Ал эми видео аркылуу президентке кайрылган бала укук коргоо органдарынан качып жүрөт. Мага жеткен маалымат боюнча ок атышкан эки тарапта тең жабырлануучулар бар. Ошолордун бир тарабы Урмат Самаевге алысыраак тууганы экен. Ошонун артынан эле Урмат Самаевдин тийиштиги бар болуп чыгып жатат. Бул окуяны тийиштүү органдар толук иликтеп чыгып,  чекит коюшу керек.»

Ал арада Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы шектүүгө издөө иши жарыяланганын кабарлады.

Токмоктогу атышуу: Шектүүгө издөө жарыяланды

Copyright © 2017 Maral FM