Биз менен байланышыңыз

Токмоктогу атышуу: Шектүүгө издөө жарыяланды

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 1281 | 1

«Токмок-Автожол» өткөрмө бекетинин жанындагы болгон атышууга байланыштуу жаракат алып, видео кайрылуу жасаган жаранга издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, Чүй облустук ИИБнин башчысы Самат Курманкулов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 25-январь күнү «Токмок-Автожол» өткөрмө бекетинин жанындагы атышуу болгону тууралуу маалымат иликтенип, бул окуя «Бейбаштык» беренеси боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып тергөөгө алынууда.

Милиция макалада айтылган бардык жарандарды суракка алган. Бейшенкулов Дастан, Ишенов Аскат, Шакиров Нурлан. Алар бул окуяга тиешеси жоктугун айтышкандан кийин кое беришкен.

“Биз ЖМК материалдарында аталган адамдардын баардыгынан сурак алдык. Алардын ичинде аты аталган Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Токмок шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына чакырылган. Суралгандар эч кандай маалымат беришкен жок. Жекшемби күнү видео-тасма пайда болгон, анда Аскат аттуу жаран депутат Урмат Самаевдин кишилери ага карата ок чыгаргандыгы айтылат. Биз кайра бир нече адамдарды суракка чакырдык, бирок алар келишкен жок. Ошого байланыштуу биз алардын үйлөрүнө текшерүү уюштуруп, бирок тыюу салынган эч кандай нерселерди тапкан жокпуз. Кийин ал адам президентке кайрылуу жасап, тергөөнүн адилеттүү жүрүшүнө көңүл бурууну өтүнгөн”, — деп билдирет Курманкулов.

28-январда Аскат аттуу жаран ок атышуудан алган жаракаттарын көрсөтүп, президент Сооронбай Жээнебековго кайрылуу жасаган.

Курманкулов кошумчалагандай, милиция кызматына Дастан Бейшенкулов ооруканага ок атуудан алган жараттары менен түштү деген маалымат келип түшкөн. Ал арызында ага Аскат жана башка адамдар кол салгандыгы тууралуу айткан. Ошол себептен аталган кылмышка шектүү делген Аскат аттуу жаранга издөө жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM