Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан эми Латвия менен кызматташа баштайт

Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 708 | 0

Бүгүн, 28- январда биринчи жолу Кыргызстан менен Латвиянын Тышкы иштер министирликтеринин ортосунда саясий жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз делегациясын Кыргызтандын Тышкы иштер министрлигинин III саясий депарптаментинин директору У.Жусупов, Латвия делегациясын Латвиянынын Тышкы иштер министринин I саясий департаментинин директору Д.Гаранчс жетектеди.

Сүйлөшүү учурунда эки өлкө ортосундагы саясий кызматташтыкты өнүктүрүп, эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу керек экендигин белгилешти. Ошондой эле Кыргызстан-Латвия кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү максатында II жолугушууну уюштуруу керек экендигине токтолушту.

Жолугушуунун аягында эки тарап ортосундагы мамилени мындан ары тереңдетип, кызматташтыкты бекемдөө боюнча сүйлөшүлдү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM