Биз менен байланышыңыз

Жаңы бийлик көп багыттуу тышкы саясат жүргүзө алабы?

Саясат | 12 Янв 2021 | 343 | 0

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында жеңүүчү деп таанылган Садыр Жапаровго алыскы жана жакынкы мамлекеттердин президенттери куттуктоо жолдоду. Бирок айрым коңшу өлкөлөр жана Европа өлкөлөрү куттуктоодон карманышууда. Мунун себеби эмнеде? Жапаровдун мындан аркы кадамдары кандай нукта уланышы керек? Бул суроолорго серепчилер жооп берет. 

Өлкө башчы болуп шайлангандарды куттуктоо — дүйнөлүк процедура. Дипломатиялык байланыш боюнча ар бир өлкө шайлоо өткөндөн кийин милдет катары куттуктайт. Кээ бир өлкөлөр инаугурацияга чейин куттуктаса, кээ бир өлкөлөр Борбордук шайлоо комиссиясы расмий күбөлүк бергенден кийин куттуктайт. Алардын негизги талабы — эли тааныган бийлик болушу керек.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыктары чыгарылган соң, бир катар өлкөлөрдүн башчылары, айталы, Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Гани, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бирок коңшу өлкө болгон Кытайдан куттуктоо келе элек. Мунун негизги эки себебин Кыргызстандын Түркия жана Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов төмөндөгүчө түшүндүрдү:

— Кытайдын тартынып турганын мен түшүнүп жатам. Шайлоо учурунда «Кытай менен байланышкан, теги кытайлык кыргыздар Кытайдын тыңчысы катары аралашып кетти» деген сөздөр чыгып кетпедиби? «Садыр Жапаров да ошолор менен тыгыз байланышта» деген да сөз айтылды. Ошондуктан Кытай азыр: «Биздики деп жаткан кишини куттуктап жибербейли, кое туралы» деп, карманып жатышы мүмкүн. Себеби Жапаров опурталдуу иштерди жасап алган. Кытайдын элчиси менен эле жолуккандан кийин «Жетим-Тоону беребиз» деп, бардык кытайлык долбоорлорго жол ачып таштабадыбы? Мындан улам шек жаралып калды. Экинчиси, Жээнбековдун убагында тоо-кендерин иштеткен компаниялардын көп чырлары болду, бирок аны токтото алган жок. Аларды такташып алгандан кийин ошого жараша мамиле кылышы да мүмкүн.

10-январда президенттик шайлоонун өтүшү менен Кыргызстан укуктук талаага кирди. Бул — биринчи баскыч. Эми парламенттик шайлоо болсо, толук кандуу легитимдүү жолго түшөт. Кыргызстан толук укуктук талаага кирбегендиктен башка өлкөлөр четтен көз салып жатканын, мыйзамдуу жолго киргенден кийин башка өлкөлөр акырындык менен көздөгөн кызыкчылыгына жараша иш-аракет кыла турганын тышкы мамилелер боюнча эксперт Алмаз Тажыбай билдирди.

Кыргызстандын тышкы саясат боюнча концепциясы бар. Анда көп тараптуу деп кабыл алганбыз. Бирок биздин стратегиялык союздаштарыбыз — Орусия жана бир канча мамлекеттер, эл аралык уюмдар. Ошолордун баарын тең карап иштөө керек. Биздин экономикалык-социалдык абалыбыз абдан начар, башкача айтканда, каржылык жардамга муктажбыз. Эң негизги каржылык жардам Батыш өлкөлөрү, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банктарынан болот. Андан башка да эки тараптуу инвестициялар кабыл алынат. Өзүбүздү-өзүбүз камсыздай албагандыктан, Батыш да керек, Орусия да керек, коңшу өлкөлөр да керек. Баары менен өзүбүздүн кызыкчылыкка карата көп тараптуу саясатты колдонуу шарт. 

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов шайлоо кандай өткөн күндө да башка өлкөлөр тааный турганын, кептин баары алдыда жасала турган реформа жана өзгөрүүлөрдө экенин айтат.

— Эгерде биз жалаң эле авторитардык кылып, президенттик кылып түзүп алсак, анда Бажы биримдигиндеги авторитардык жетекчилер менен аралашып жашай беребиз. А Батыш мындайга салкын көз менен карайт. Эгер биз Бажы биримдигинде болсок да, мамлекеттин ичиндеги демократиялык реформаларды жасасак, сөз эркиндигин сактасак, коррупцияны жоготсок, анда Батыш өлкөлөрү да жакшы көз караш менен карап, жакшы мамиле кылат. Биз бир эле адам менен дос болбой, баары менен дос болушубуз керек. Кимиси менен алака көп болорун турмуш өзү көргөзөт.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасы 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп кабыл алынган. Бүгүнкү күндө Кыргызстан дүйнөнүн 163 өлкөсү менен дипломатиялык мамилеле түзүүгө жетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM