Мен балдарын намыстуу кылып тарбиялагысы келген мекенчил жаш энемин. Мага окшош көп жаш энелер бар, балдарын мыкты жолдордо тарбиялоону максат кылган. Өтө зарыл кезде жардамчы болуп, баш көтөргөн мекенчил ДУХ, УЛУУ СҮРӨӨН, ЖАЛЫНДАГАН ОТТУУ КӨЗ, ЫНТЫМАКТА АЙГАЙ САЛГАН УРААНдар үчүн сиздерге таазим.
Калп эмес! Биз башы шылкыйып, өзүнө болгон баасын билбей, ыза тартып турган элбиз. Бирок ошол эле саам, ызасында КУСАсы катылган, анан ошол кусасы ызаалуу күндөрдө жүрөктөргө болуп көрбөгөндөй ГАЗ берип от алдырган мыкты элдин балдарыбыз. Ал эми КУСА дегениӊ канга — жанга сиӊген кыргыздын баатырдык, эр жүрөк духу менен жуурулушкан, жүнү тирүү, көзүнөн жалыны көрүнгөн көчмөн элдин эркиндиги. Асылын сагынган караман журттун эӊсөөсү, каалоосу эмеспи.
Ооба, бүгүн балдарды тарбиялоонун түрдүү ыкмалары, усулдары бар. Ал арада бала — бакырасын керемет жолго салып, өзүнүн жеке методикасын ойлоп тапкан энелер бар. Сиздерге алкышым чексиз! Алар менен бет келгенде мени ар дайым бир ой ойлонтот. Азыркы жаӊы кыргыздардын ТЫⱧ ЧЫКМАлары балдарын ААЛАМДЫК БАЛА кылып тарбиялоону өтө жакташат. Көп тилде сүйлөгөн, дүйнө таанымы өтө кенен, эл аралык абалда ойлоно алган кичинекей кыргыздар мени да ар дайым суктантат. Бул керек сөзсүз. Бирок мен жаш апа катары азыркы балдарды МЕКЕН БАЛАСЫ кылып тарбиялоо ЗАРЫЛ деп билем. КЕРЕК жана ЗАРЫЛ деген сөздү айырмалап түшүнүүгө мезгил жетти го дейм. «Ааламдык» жүз бала бар мекенине күйбөгөн. Ошол эле саам «мекенчил» үч бала бар кыргызды дүйнөгө тааныткан. Бул тарых чындыгы. Комузун уга албаган, кыргыз тилин кадырлай албаган, каада- салтын эскичилик деп чанган, улуттук улуу инсандарын тааныбаган анан такыр кыргыз болуудан уялган муундун жүрөгүн тыӊшагылачы?.. ОТСУЗ, КУЛ ПЕЙИЛ, ЧАБАЛ эмеспи?
Мүмкүн ААЛАМдык деӊгээлде ойлонгон МЕКЕН БАЛДАРын тарбиялайбыз?
Эми темага ылайык фактыларга токтолоюн. Өтө эмоциялуу болуунун зарылдыгы канча дейсиз мүмкүн. Бирок бул менин эмес, бардык кыргыздын КУСАСЫ, САГЫНЫЧЫ, ЭⱧСӨӨСҮ… Кыргыз эли СҮЙҮНГӨНДҮ сагынды.
2018 — жылы Ысык — Көл жергесинде өткөрүлгөн «Дүйнөлүк чөчмөндөр оюндары» учурундагы атмосфера… Жанданган кыргыздык дух… Ат жалында ойногон баатырдык, эр жүрөктүүлүктү жанданткан учурлар… Мен муну өтө эмоциялуу кабылдагам.
Анан уулдарыбыз менен бирге кинотеатрдан «Көк бөрү» (режиссёр Руслан Акун) тасмасын көрүп жатып, сүйүнүп, кудуӊдап ыйлаган учурум бар. Биз студент кезде кинотеатрдан калчу эмеспиз, ал учурдагы кинолордо дээрлик «кыргыздын жыты» жок болчу. Көп кемчилик менен коштолгон, жасалмалуу кадрларды көрүп арданган учурлар көп болгон. Арада 10 жыл өттү азыр кино тармагында изденүү укмуш. Азаматтар! Андан маанилүүсү Руслан Акун тарткан «Көк бөрү» тасмасы билгенге кыргыздын намыстуу жигитинин, кыргыз духунун, кыргыз табиятынын жанданышын керемет ачкан тасма. Бул менин көргөн, сезген, сүйүнгөн, көзгө жаш алган эмоциялуу учурумдун чындыгы.
Үчүнчү учур… Кечээги Футбол боюнча Азия кубогунун алкагындагы 1/8 финалдык беттеште Бириккен Араб Эмираттары менен Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюну. Кыргыз футбол командасындагы жандуулук, элдин колдоосу, ЫЗААдан жаралган КУСАСЫ. Көптү ыйлатты. Ал арада мени да.
Мына ушул тарыхый учурлар биздин балдардын эсинде калат. Аларды тарбиялайт, өстүрөт, мекенге күйгөн инсан кылат. Буюрса биздин балдар, сиздин балдарыӊыз, баардык кыргыз балдары биздей чабал, билимсиз, мажирөө, намыссыз, кул пейил болбойт. Болгону балдардын «оту» жүрөгүндө болсун! Ал «оттун» үзүмүн балдар апасынын коломтого жаккан улуу отунан алат…
Журналист: Жазгүл Жамангулова