Connect with us

Ооган-түрк кыздар лицейин түн ортосунда басышты

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 1118 | 0

Ооганстандын Мазари-шариф шаарында жайгашкан Ооган-турк кыздар лицейине түнкү саат 02:30 чамасында 20 чакты полис кызматкери басып кирип, мөөнөттө турган бир топ мугалим менен окуучуларды кармап кетишти. Бул тууралуу ооганстандык журналист Ихсан Зияинин маалыматын «Kronos» кабар агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, күч түзүмдөрү билим берүү мекемесинин эшигин бузуп кирип, алгач көзөмөл камераларын сындырышкан. Кийин бут кийимдери менен кыздар жатаканасына кирип, кыздардын шкафтарын, жатактарын аңтарышкан.

Ал жерден ооган мугалимдерди колдоруна кишен салып, түрк мугалимдерин кишендебей алып кетишкен. Полициянын мекемесинде мугалимдердин биринин аларга: «Түнкү үчтө кыздардын жатаканасында эмне ишиңер бар?! Силердин дагы кыздарыңар бардыр?!»,-деп катуу сүйлөп жаткан видео жазуу интернет булактарына жарыяланды.

Окуя кээ бир окуучу кыздардын жана күбөлөрдүн телефондоруна тартылып, интернетке чыгып кеткени маалым болду. Бул боюнча ооган өкмөтү түшүндүрмө бере элек.

Эске салсак, буга чейин дагы Ооганстанда билим берип келген эки түрк лицейи түн жамынып, күч менен басып алынып, аларды түрк бийлигинин «Маариф» фонду өткөрүп алган. Буга каршы болгон ооганстандыктар бир нече ай нааразылык акцияларына чыгышкан.

Ушундай эле сценарий менен Кыргызстанда 26 жылдан бери билим берип келген Сапат мектептерин  Маариф фондуна өткөрүп берүү  талабын түрк бийлиги байма-бай айтып келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM