Биз менен байланышыңыз

Цирк: Жамаат менен жетекчи ымалага келе элек

Билим-маданият | 25 Янв 2019 | 1020 | 0

Мамлекеттик цирктин жаңы дайындалган директору Фархад Бекманбетов мекеменин жамааты менен тил табышууга аракет кыларын билдирди. Анткени цирктин кызматкерлеринин көпчүлүгү иштен кетүү боюнча арыздарын жазып, жумушка чыга элек. Ошентсе жаңы директор цирк труппаларынын жетекчилерин чакырып, сүйлөшүүнү пландоо.

Мамлекеттик цирктин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалды. Аны жамаатка 24-январда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов тааныштырды.

Буга чейин цирктин жамааты Аида Акматованын талапкерлигин сунуштап келишкен. Алар 23-январда өздөрү көрсөткөн талапкердин дайындалышын талап кылып, иш таштоого барышарын айтышкан. Ага чейин директор дайындоо маселеси боюнча Ак үйдүн алдына митингге да чыгышкан.

Жаңы дайындалган жетекчи Фархад Бекманбетов учурда циркте жумуш жүрүп жатканын кабарлады. Ал эмгек жамааты менен ымалага келе турганын айтып, жумушка чыкпай жаткандардын да арыз-муңун угуу ниетин билдирген.

Азыр көп нааразы пикирлер айтылып жатат. Бирок абал андай деле эмес. Кызматкерлер менен кечээ жолуктум. Бүгүн дагы жолуктум. Циркте 50 кызматкер бар. Алардын 25и министрге арыз жазып, жумушка келбептир. Калган 25и кадимкидей эле жумуш ордунда иштеп жатат. Артисттерден башка да кызматкерлер өз жумушун аткарууда. Циркттин иши токтогон жок. Албетте, 25 киши менен дагы жолугуп, сүйлөшөмүн. Алардын талаптарын угамын. Буйруса, бир чечимге келип, жакшынакай эле тиричилик кылып кетебиз. Жакын арада тил табышабыз, ошондо дагы кабарлаймын.

Бирок цирктин кызматкерлеринин жарымы Бекманбетовдун кызматка келүүсүнө азыр деле каршы пикирде.  Алар цирктин жетекчилигине татыктуу талапкер дайындалган жок деп эсептейт. Ошону менен бирге цирктин жетекчилигинин тегерегиндеги саясий оюндардан тажашканын, алардын чыгармачылык иштерине тынчтык керектигин белгилешүүдө.

Труппанын жетекчиси Данияр Бөлөкпаев жаңы жетекчиге каршы болуп акырына чейин турарын билдирди. Эгерде Бекманбетов ордунда калса кызматкерлердин көпчүлүгү кызматтан биротоло кете турганын кошумчалады.

-14 жылдан бери эски жетекчиге макул болуп иштеп келдик. Кайра эле мурунку директор Курмангазы Исанаевдин эле кишисин алып келишти. Бирок келген киши циркти түшүнбөйт, өнүктүрө албайт. Цирк деген бул жөн эле оңдоп-түзөө иштерин жасап коюу эмес. Чыгармачыл адамдарды көтөрүп, чет өлкөлөргө жиберүү керек. Андан башкада жумуштар бар. Булардын баарын жаңы жетекчи билбейт. 35 адам арыз жазган. Эч кимиси жумушка чыккан жок. Директорду тосуп алганга да эч ким барган жок. Министр Азамат Жамангулов жолугушууга баары эле келди дептир. Бирок барбадык.

Арыз жазган кызматкерлер талабы дүйшөмбүгө чейин аткарылбаса, анда биротоло жумуштан кетүүнү көздөөдө.

Ал арада министр Азамат Жамангулов сунушталган баардык талапкерлер каралып, арасында Бекманбетов гана талаптарга жооп бергенин билдирди.

Анын баамында, Бекманбетов цирктти татыктуу жетектеп, өнүктүрө алат. Ал министрдин орун басары кызматка чейин жеткен.

-Фархад Бекманбетов шайлангандан кийин фейсбук колдонуучулар тарабынан менин катышуумда ар кандай маалыматтар пайда болду. Ал мыйзам-ченемдүү эле иш. Өтпөй калган талапкердин адамдары мага бир-эки жолу келип, «Азамат Капарович, эгерде биздин талапкерди колдоп, өткөрүп берсеңиз сизди ыраазы кылабыз. Чоң-чоң белектерди беребиз» деп айтып, бир эки жолу келип кетишкен. Эгерде колдобой турган болсом, мага маалыматтык согуш менен ыплас иштерге аралаштырганга аракет жасайбыз дай айтышкан. Алардын талапкери ушундай жол менен келсе, цирктин иши ачык болмок эмес. Цирктин артистери өздөрү эмес, алардын артынан башка бирөөлөр багыттап жаткан адамдар бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова циркке туура жетекчи дайындалды деп эсептейт. Эгерде чыгармачылык топ жумуштан кетсе, Бекманбетов өзүнүн дараметин көрсөтүп, жаңы кызматкерлерди тартсын деди.

-Чыгармачыл адам чыгармачылык менен алектенүүсү керек. Жетекчиликке күчтүү, менеджер кишини алып келүү зарыл. Фархад Бекманбетов колунда бар, курсагы ток адам. Ал киши циркти оңдоогонго аракет кылат. Азыр таланттар көп. Циркке келип иштесем, ал жерде өнөрүмдү көрсөтсөм, өнүктүрсөм деген жаш муундар бар. Жаңы жетекчи жамаат менен арай көз чарай сүйлөшүп көрөт. Эгерде такыр эле макул болушпаса, анда жаңы кызматкерлерди тартып, дараметин көрсөтүшү керек. Эл арасында сынак жарыялап, таланттуулардын чогултуп, жаңы программада шоуну даярдап, цирк жана цирк артисттери ушундай болот деп көрсөтсүн. Андан кийин баарыбыз кол чабабыз.

Фархад Бекманбетов 2016-2017-жылдары Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп иштеген.

Эске салсак, буга чейин цирктин артисттери Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго мурунку директору Курмангазы Исанаевди кызматтан бошотуу тууралуу арызы менен кайрылышкан. Көп өтпөй эле Исанаев өз арызы менен жумуштан кетти.

Copyright © 2017 Maral FM