Биз менен байланышыңыз

Киев көчөсүн Турдакун Усубалиев деп өзгөртүү сунушталды

Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 526 | 0

Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин атын берүү керек. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков көтөрдү.

Анын айтымында, былтыр жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы өттү. Быйыл Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү милдети турат. Өкмөт даярдыктарды көрүшү керек.

«Усубалиев мамлекеттин өнүгүшүнө салымы чоң. Ошондуктан Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө, Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнө Усубалиевдин атын берүү зарыл», — деди депутат.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко Турдакун Усубалиевдин атын Бишкектеги эски аянтка берүүнү сунуштаган.

Турдакун Усубалиев 70 жыл бою мамлекеттик жана партиялык кызматтарда иштеген. Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышында Усубалиевдин эмгеги зор. Ал башкарган жылдары ички дүң продукциясынын көлөмү 2,5 эсеге көбөйгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM