Биз менен байланышыңыз

Александр Крестининге сыйлык берүү сунушталды

Кыска кабар , Спорт | 24 Янв 2019 | 1450 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининге өкмөттүк сыйлык берүү керек. Мындай сунушту парламенттин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов көтөрдү.

Анын айтымында, футбол боюнча улуттук курама команданын өсүүсүндө машыктыруучунун эмгеги зор. Ошондуктан сыйлыкка көрсөтүү керек.

Ошондой эле, эл өкүлү заманбап үлгүдөгү стадион куруу керектигин белгиледи.

Айта кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2019-жылы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун плей-офф оюндарына чыкты. Буга “Ак шумкар” улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин эмгеги чоӊ.

Крестинин өзү Орусияда төрөлүп-өскөнү менен кыргыз футболун эл аралык деӊгээлге көтөрө алды, ал  көп убакыт бою Орусиянын, Казакстандын белгилүү клубдарында ойногон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM