Биз менен байланышыңыз

Унаанын айнегин караңгылатууну мыйзамдаштыруу сунушталды

Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 801 | 1

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов бүгүнкү жыйынында унаалардын айнектерин караңгылатууну мыйзамдаштырууну сунуштады.

“Мисалга караңгылатууну  500 доллар десек, 4-5 миллиард сом мамлекеттик бюджетке түшүшү мүмкүн. Чындап каалаган адам караңгылатканын сыйрып салсаң деле кайра 2 күндөн кийин караңгылатат,”- деди эл өкүлү.

Пирматов элдин канча акча турганына карабастан өзгөчө номерлерди алууну жана караңгылатууну жакшы көрөрүн белгилеп, өкмөттүн кошумча булактардан акча табуунун жолдорун билбей жатканына токтолду.

Кошумчалай кетсек, мыйзам боюнча унаанын маңдайкы жана капталдагы алдыңкы айнектерин караңгылатууга тыюу салынган. Мындай мыйзам сакталбаган учурда жеке жактарга 3 миң сом айып салынып келет. 22-январда айнегин караңгылаткандарга каршы рейд жүрүп, 93 айдоочуга айып пул салынган.

 

Copyright © 2017 Maral FM