Биз менен байланышыңыз

Нью Йоркто мусулман конушуна кол салгандар кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 627 | 0

Американын Нью-Йорк шаарынын жака белиндеги Исламберг конушуна кол салган үч киши кармалып, соту бүгүн  Нью-Йоркто өтөт. Бул тууралуу Би-би-си англис кызматы жазды.

Маалыматка ылайык кылмышкерлер колдо жасалган бомба жана башка куралдар менен шаарчага кол салууну уюштурушкан. Аларга «терроризм» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иши сотто каралууда.

Кылмышкерлер тергөө учурунда аталган шаарча террористтерди даярдоочу лагер экенин ойлошконун билдиришкен. Өздөрү болсо ага жакын Греция конушунун тургундары экени маалым болду. Алар 16 жаштагы мектеп окуучусун да өз катарына кошуп, анын үйүн даярдоочу жай катары колдонушкан. Күч түзүмдөрү алар жашынган үйдөн дагы 23 даана колдо жасалган жардыруучу зат табышкан.

Исламберг конушунун калкынын басымдуу бөлүгү Пакистан, Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдөн келип, отурукташып калган тургундар түзөт. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында шаарчадагы мусулмандар тартиптүү жана меймандос, башкалар менен абдан ынак мамиледе жашашат.

Эске салсак, 2017-жылы дагы Исламбергдин мечитине от койгон Роберт Доггат аттуу жаран түрмөгө камалган.

Copyright © 2017 Maral FM