Биз менен байланышыңыз

Бокоев: Парламенттин таасирин күчөткөн мыйзам иштелип чыкты

Күн чабыт | 21 Янв 2019 | 797 | 0

Жогорку кеңеш премьер-министр баш болгон өкмөткө, Башкы прокуратурага, Улуттук банктын төрагасына жана Эсептөө палатасына карата көзөмөлдү күчөтүүнү көздөөдө. Мыйзам долбоору депутат Кенжебек Бокоев тарабынан иштелип чыкты. Мыйзам чыгаруучу жана аны көзөмөлгө алган бийлик бутагынын мындай демилгесинин максаты тууралуу «Күн чабыт» программасында мыйзам долбордун демилгечиси Кенжебек Бокоев айтып берди.

Марал: Бүгүнкү күнү парламент ансыз да жогоруда санаган органдардын отчетторун алып келет. Сиздин демилгеңиздин негизги максаты эмнеде?

Бокоев: Мен киргизген мыйзам долбоору түздөн-түз отчетторго тиешелүү. Анткени жылына бир ирет өкмөт баш болгон Башкы прокуратура, Улуттук банк, Эсептөө палатасынын отчетторун алабыз. Бирок ошол отчетторго баа берүү жагын так жаздым. Эгер жасалган иштердин жыйынтыгына терс баа берип калса, парламент колдонушу керек болгон чаралар көрсөтүлгөн эмес. Ошону толук жазып жатам. Отчет берүүчү мамлекеттик органга баанын эки түрү киргизилүүдө. Канааттандыраарлык жана канааттандыраарлык эмес.  Бүгүнкү күнү баанын түрлөрү да жок. Эгер мамлекеттик бийлик органдарына канааттандыраарлык эмес деген баа берилген болсо, анда аларга ишенбөөчүлүк же кызматтан кетирүүнүн шартын камтып жатабыз. Ошондо канааттандыраарлык эмес деп табылган учурда эмне болоору так белгилүү болуп калат.

Марал: Эми канааттандыраарлык эмес деп табылган учурда белгилүү бир мөөнөт берүү жагы каралганбы жана да канча добуш менен чара көрүлөт деп турасыз?

Бокоев: Эгер канааттандыраарлык эмес деген баа берилсе, ишенбөөчүлүк же кызматтан кетирүү маселеси коюлат. Ал үчүн кайсы бир мөөнөт берилбейт. Канааттандыраарлык эмес деген баа берилгенден кийин эле, күн тартибине аларды кызматтан кетирүү чыгат. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдан бери парламенттин бир дагы функциясы же укуктары кеңейтилип күчөтүлгөн эмес.

Марал: Демек бул жерде парламенттин таасирин күчөтүү аракети болуп калбайбы?

Бокоев: Туура. Мыйзамдын башкы максаты парламенттин укуктарын кеңейтүү болуп саналат. Аз да болсо, парламенттик бийликке келсек деген ой бар. Ошону менен акырындап парламенттин функцияларын  күчөтүшүбүз керек. Бул жерде парламенттин укуктарын ачыктап жазып жатабыз.

Марал: Бул мыйзам чыны менен жогоруда санаган орган жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулата алабы?

Бокоев: Менин оюмча, албетте ар бир мамлекеттик кызматтан жоопкерчилигин күчөтөт.

Марал: Маегиңизге рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM