Биз менен байланышыңыз

Медведев Абылгазиевди туулган күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 20 Янв 2019 | 487 | 0

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев бүгүн, 20-январда, телефондук сүйлөшүүдө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Орусиянын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары ошондой эле кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн көп багыттуу келечегин талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM