Биз менен байланышыңыз

Конвенцияга 6,6 млрд сом каражат талап кылынат

Кыска кабар | 20 Янв 2019 | 489 | 0

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы ратификацияланып калса, анын алкагында ишке ашырыла турган иш-чаралар үчүн бюджеттен 6,6 млрд сом каражат талап кылынат. Бул тууралуу  эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 75 улуттук мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилүүгө тийиш.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Чыныбай Турсунбеков мынчалык ири көлөмдөгү каражат республикалык бюджетте каралган-каралбаганына кызыкты.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, конвенциянын алкагында аткарыла турган айрым иш-чаралар жегиликтүү бюджеттин жана деке ишкерлердин эсебинен каржыланат. “Конвенциядагы биз үчүн эӊ татаал маселелердин бири майыптарды турак жай менен камсыздоо болуп саналат. Ошондон улам, азыр жумушчу топ түзүлүп, Турак жай жана Жер кодекстерине өзгөртүүлөрдүн долбоору даярдалууда”, — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM