Биз менен байланышыңыз

Нидерландыда конокторго жоогазын гүлү тартууланды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2019 | 544 | 0

Нидерландыда жергиликтүү калкка жана чет өлкөдөн келген конокторго 200 миңден ашуун жоогазын гүлү тартууланды. Мындай саамалык жоогазын гүлүнүн улуттук күнүнө карата уюштурулган. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгодой, жоогазын гүлүнө арналган майрам жыл сайын январь айынын үчүнчү ишембисинде «Tulpen Promotie Nederland» уюму тарабынан белгиленип келет. Иш-чара Амстердамдагы «Дам» борбордук аянтында өтүп, анда жоогазын гүлүнүн бир нече түрлөрү коюлган. Иш-чарага келгендер өздөрүнүн табитине жараша букет жасашкан.

Быйылкы иш-чарада жоогазын гүлүнүн жаңы «Квинти Трастфул» түрү коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM