Өзбекстандын Маалыматтык технологиялар жана байланыш министрлиги Тышкы иштер министрлигине Фейсбуктун башкы кеңсеси менен байланышты түзүүгө жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу Kun.uz өзбек маалымат булагы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, байланыш министрлиги Тышкы иштер министрлигине катты 2018-жылдын декабрь айында жолдогон.
Эске салсак, Өзбекстанда фейсбук өткөн жылдын 4-сентябрынан бери дээрлик иштебейт.