«Маша жана Аюу» мултьфильминдеги «Маша+ ботко» эпизоду Ютубдагы көп көрүлгөн анимациялык ролик катары Гиннестин китебине кирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө аталган эпизод 3,4 миллиард жолу көрүлгөн. Маша+ ботко» эпизоду ютубдагы эң көп көрүлгөн алдыңкы бештикте турат.
Эске салсак, орусиялык мильтфильм «Маша жана Аюу» 2009-жылы жарыкка чыккан. Ал дүйнөнүн 36 тилине которулуп, 100дөн ашуун өлкөлөрдө көрсөтүлөт.