Биз менен байланышыңыз

Туут мезгили: Чабандар түйшүк тартууда

Коом | 17 Янв 2019 | 1039 | 0

Ысык-Көл облусундагы деӊиз деӊгээлинен 3020 метр бийиктикте жайгашкан Ак-Шыйрак айыл аймагында союз учурунан бери бир нече жашоочу отурукташып жашап келишет. Бирок тоолуу аймакта мал өстүрүүнүн бир катар түйшүктөрү бар.

-Малды кичинесинен баштап чоӊойтконго чейин түйшүк. Мисалы Кытай эли 17 саат уктабай иштеп бай блолуунун жолун издешет. Ал эми биздеги жашоо шарт азыр 24  саат бою тынымсыз иштөөнү талап кылууда. Анткени азыр бизде туут мезгили башталып, күнү түнү малды карап жаткан учурубуз.

Жашоочу Назгүл Молдогазиева белгилегендей, Кара-Сай, Үч Кошкон, жана Ак-Шыйрак кыштагында жашаган чабандар мал чарбачылыгына бай деп элес калтырышы мүмкүн. Бирок алардын жашоо-шарты менен жакындан тааныша келгенде  бир катар түйшүктөргө күбө болдук. Айрыкча ушул тапта карышкыр күч алып, малды кезек менен кайтарып жаткандарын жергиликтүү тургун Бакыт Мукашев билдирди.

-Бизде көл жээктегидей шарт жок да. Материалдык кирешебиз мал чарбачылыгына көз каранды. Азыркы көйгөйүбүз карышкыр күч болууда. Биз атайын мергенчилер келип бербейт. Ошондуктан бодо малды (топоз) күнүгө түгөлдөп көзөмөлгө албасак да кой баласын жайы кышы кайтарабыз.

Чабандар малды сарайларына кармап, карышкырдан коргоого мүмкүн эмес. Ал үчүн жем-чөптүн запасы да көп болушу шарт. Тилекке каршы, тоют чөптүн бир боосун 150-200 сомго чейин сатып алып, аны 210 чакырым жерден ташып келип, убара тартышарын тургун Аскат Абдыкасиев  жашырбайт.

-Бизде өзгөчө бул жылы тоют маселеси да курч. Анткени жылда саздак жерлерден чакандап чөп жыйнап алсак, бул жылы чегирткелер күч алып жайыттарды кырып кетишти. Кандай болгон күндө малдарыбызды бизге жакын жайыттарга чыгарбай кышка сактайбыз. Ошентсе да кар жааган мезгилде көл жээктен сатып келген тоюттарыбызды бере баштайбыз. Бирок жакадан алып келүү да оӊой эмес. Ал үчүн 1 жүк ташуучу унааны 30-40 миӊге жалдап 100-150 түк чөптү жүктөп келебиз. Мында чыгым көп болуп актабай калат.

Учурда сырт өрөөнүн байырлаган 2,5 миӊден ашык ири мүйүздү бодо, 5 миӊге чамалаган кой,  жана 800гө жакын жылкы жайыттарга жайылат. Бирок ал дагы бекер эмес, ар бир баш малга акы төлөнөөрүн жашоочу Адилет Аманов да кошумчалады.

Айыл өкмөттөргө тиешелүү жайыт комитеттерге жыл сайын салык төлөйбүз. Каалашынча кайтарганыбыз үчүн бир баш бодого 50 сомдон, койдун ар бирине 10 сомдон акы эсептелет. Кышкысын карышкырдан сак болууга аракет кылабыз. Андан кутулсак жазында күн сууктаса жут капташы мүмкүн, чөп камдаганга аракет кылабыз.

Ал ортодо  бийик тоолуу аймакта жугуштуу мал ылаӊы да капташы мүмкүн. Азыркы тапта 3 кыштактан турган айыл аймакта 2 ветеринар мезгил мезгили менен иш алып барат. Аны менен катар мал эттери уникалдуу прдукция катары эсептелгендиктен жоопкерчилик да күч. Бул боюнча Жети-Ѳгүз районунун ветеринаринардык фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Жумаев буларга токтолду.

Уйлардын шарп ылаӊына карата эмдөө иштери жүгүзүлуп келет. Аны менен бирге койлордун да коздөрүнө дары тамызып, ылаӊдын алдын алуу иштерин жүргүзөбүз. Мындан сырткары мал кайтарган иттердин да саламаттыгы чоӊ мааниге ээ. Себеби айрым учурда кутурма жүрүшү ыктымал. Ошондуктан иттерди көзөмөлгө алабыз. Мурда 2014-жылы 3 адам бурцелез менен ооруп, малдар дароо текшерүүдөн өткөрүлүп айрымдары жок кылынган. Бүгүнкү күндө мындай коркунуч жок, эл таза продукция колдонуусуна болгон аракетибизди жумшайбыз.

Андыктан Кытай чек арасына чектеш өзгөчө статуска ээ болгон  88 үй бүлө  мындай түйшүктөрдү башынан өткөргөнүнө карабай дагы деле турмуш- тиричилиги менен күрөшөт. Алардын тоолуу аймакты мекендеп жүргөндөрүнүн негизги максаты, өлкөдөгү экономиканы көтөрүп, ар бир жашочу бутуна турууну көздөшөт.

Copyright © 2017 Maral FM