Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан Филиппинге бир гол киргизди

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 694 | 0

Азия биринчилигинин тайпалык үчүнчү айлампасында кыргыз футбол курамасы Филиппин өлкөсүнүн курама командасы менен беттешип жатат. Азыркы учурда эсеп 1:0.
Оюндун 23-мүнөтүндө «Ак шумкар» командасынын чабуулчусу Виталий Люкс гол киргизип, өзүнүн чеберчилигин көрсөттү.

Эске салсак, Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө континенттеги эң мыкты 24 курама чыгып, чемпиондук үчүн ат салышууда.

Кыргызстандын футбол командасы биринчи ирет катышуу укугуна ээ болду. Биринчи турда Кытай менен беттеште 1:2 эсебинде утулса, экинчи айлампада Түштүк Корея футболчуларына 0:1 эсебинде жеңилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM