Биз менен байланышыңыз

Президент ипотекалык насыя тууралуу маалымат алды

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 500 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-январда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда мамлекеттик ипотеканы берүүдөгү пайыздык ченди азайтуу, ипотекалык насыяларды берүүнүн процессин жана механизмдерин жакшыртуу маселелери талкууланды.

Президент бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин жана социалдык чөйрөнүн кызматкерлери үчүн ипотекалык насыялоо боюнча атайын программа иштеп чыгуу керектигине көңүл бурду.

Бактыбек Шамкеевдин айтымында, бүгүнкү күндө коммерциялык банктар аркылуу ипотекалык рынокко узак мөөнөттүү ресурстарды киргизүү ишке ашырылууда, ал ипотекалык насыялоонун 30% түзөт. Өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык рынокко кошумча ресурстарды тартуу үчүн ипотекалык баалуу кагаздар чыгарыла баштады.

Ошондой эле компания  7-9 жылдык пайыз менен ипотекалык насыяларды берип жатканын жана 6-8 пайызга кыскартуу 2019-жылдын 4-кварталына пландалганын кошумчалады.

2018-жылдын 31-декабрына карата бюджеттик тармакта иштеген жарандарга 4,287 млрд сом өлчөмүндө 3799 ипотекалык кредиттер берилген. Өкмөт бөлүп берип жаткан ссуданын 3 млрд 800 млн сому өздөштүрүлгөн. Мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасы аркылуу насыяларды берүү үчүн да колдонулуп жаткан негизги капитал 321 млн сомго куралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM