Биз менен байланышыңыз

2018-жылы күйүүчү майдын баасы 10,7% өскөн

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 521 | 0

Кыргызстанда 2018-жылы күйүүчү майдын баасы 10,7 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин соода башкармалыгынын орун басары Венера Мамбеталиева билдирди.

Анын айтуусунда, дизелдик күйүүчү майдын баасы 18,5% га, бензин 9,5% га өскөн. Бензиндин баасынын төмөндөшү август айында катталса, дизель отунун баасынын төмөндөшү 2018-жылдын декабрь айында катталган.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылдын 11 айы ичинде Казакстандан 29 млн доллар, Орусиядан 241 млн долларлык күйүүчү май алып келинген. 2017-жылга салыштырганда Орусиядан 8 пайызга аз күйүүчү май алынып келинген. Ал эми Казакстандан 2017-жылга салыштырганда 30%га  аз күйүүчү май ташылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM